19.11.2018 22:18

«Ал былтыркы президенттик шайлоо маалындагы көмүскө иштер тууралуу өтө көп нерсе билет»,- А.Атамбаев Икрамжан Илмиянов тууралуу

«Ал былтыркы президенттик шайлоо маалындагы  көмүскө иштер тууралуу өтө көп нерсе билет»,- А.Атамбаев Икрамжан Илмиянов тууралуу

Икрамжан Илмияновду коррупциялык иштери үчүн эмес, Сооронбай Жээнбеков өлкө башчы болуп дайындалган былтыркы президенттик шайлоо маалындагы көмүскө иштер тууралуу өтө көп нерсе билгени үчүн камашты. Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев «Апрель» телеканалына берген маегинде билдирди.

“Бул камак анын оозун жабыш үчүн колдонулду. Кийин ал бир жакта ашыкча сүйлөп жибербесин деп. Көрөсүңөр ага карата коюлган айыптоолордун бардыгы жоюлуп кетет. Ал жакта бир эле тапшырма турган “анын оозун жабыш керек” деген. Анын башы аман болсо, бир күнү түрмөдөн чыккандан кийин чындыкты айтат деп үмүттөнөм. Анткени мен ага:“Буларга ишенбе, сен бул жакта эле калып, алдын ала шайлоо тууралуу бүт чындыкты айтып кой. Алар сени азыр ар кандай калчап туруп, бир гана жамандык кылышат”,-деп айткам",  деп билдирди Атамбаев. Эгер Илмиянов кандайдыр бир коррупциялык иштерге катыштыгы бар болсо, аны колдоого албаарын кошумчалады. 

Эскерте кетсек, Икрамжан Илмиянов КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 166-берене (алдамчылык) боюнча Москвадан кармалып, Бишкекке алынып келинген. Биринчи Май районунун сотунун чечими менен 28-ноябрда камакка алынган.